Ысык-Көлдө мал уурулар кармалып, малдары ээлерине кайтарылып берилди
Чүй облусу жана Ысык-Көл облусунан мал уурдап, сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоӊ РИИБдин жана Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорунун милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин өз ара биргелешип, кылмыштуу топту кылтакка түшүрүү үчүн атайын, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында Чүй облусунун Кара-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну, мурда каракчылык менен соттолуп келген К.А. жана Талас облусунун Кызыл-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Т.М. турган, мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобу колго түшүрүлгөн.
“Кармалган кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, үстүбүздөгү жылдын январь айынан февраль айына чейинки аралыкта райондун аймагында мал уурулуктун 9 учурун жасашып, мал ээлеринен 9 баш ири-мүйүздүү малдарды жана 2 койду уурдашкандыгын аныкталган. Келтирилген чыгым болжол менен 350 миң сомду түздү.
Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусунан уурдашкан малдарды Чүй облусунда, ал эми Чүй облусунун аймагында уурдаган малдарды Ысык-Көл облусунда сатып жүрүшкөнү айгиленди.
Тоӊ районунан уурдалып, Чүй облусунун аймагында табылган малдар далил зат катары алынып, тийиштүү процессуалдык тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин ээлерине кайтарылып берилди.
Чүй райондук сотунун чечими менен мал уурулукка шектелип кармалган жарандарга карата камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында башка мал уурулуктарга катыштыгы бар, же жоктугун аныктоо максатында ыкчам-тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×