Ысык-Көлдө унаасына жасалма номур таккан аткаминер кармалды

24 июль 2020 16:25 2154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө унаасына мамлекеттик жасалма номур тагып жүргөн аткаминер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоровдун унаасына мамлекеттик жасалма номур тагылган. Бул боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды.

«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын «173-жасалма же жасалма мамлекеттик каттоо белгилери (белгиси) бар унааны айдоо» беренеси боюнча катталды», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Дамир Моңолдоров жетекчиликтин уруксаты жок автоунаанын мамлекеттик номурун башка унаага тагып алган.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-unaasyna-zhasalma-nomur-tagyp-zhrgn-atkaminer-karmaldy



Добавить комментарий