Ысык-Көлдө унаасына жасалма номур таккан аткаминер кармалды
Ысык-Көлдө унаасына мамлекеттик жасалма номур тагып жүргөн аткаминер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоровдун унаасына мамлекеттик жасалма номур тагылган. Бул боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды.
«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын «173-жасалма же жасалма мамлекеттик каттоо белгилери (белгиси) бар унааны айдоо» беренеси боюнча катталды», - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Дамир Моңолдоров жетекчиликтин уруксаты жок автоунаанын мамлекеттик номурун башка унаага тагып алган.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-unaasyna-zhasalma-nomur-tagyp-zhrgn-atkaminer-karmaldy
Добавить комментарий ×