Ысык-Көлдө убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөргө сертификат берилди
2020-жылдын 10-14мартка чейин Ысык-Көл облусунда убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдү даярдаган тренерлерге КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин багып алуучу үй-бүлөр жана аларды окутууга даяр болгон адистер атайын окуудан өтүшкөн.
Семинар-тренингдер Европалык бирликтин “Камкордукка алуунун үй-бүлөлүк формасы: турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар үчүн коомчулуктун деңгээлинде үй-бүлөргө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Балалык Институту” коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-ubaktyluu-bagyp-aluuchu-j-bllrg-sertifikat-berilet
Добавить комментарий ×