Ысык-Көлдө тик учактын кыйрашы боюнча тиешелүү кызматкерлер жумуштан алынды

19 сентябрь 2018 15:10 1571 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө тик учактын кулашы боюнча аскердик бөлүктүн командири жана анын орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти. 

Маалым болгондой, абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн Сапарали Бекмуразаев жана Владимир Верещагин тергөө маалына ордунан бошотулду. 

Эске салсак, 9-июлда Түштүк Эңилчек тоо аянтында Ми-8 тик учагы кулаган. Анда чет элдик туристтер менен бирге жоокерлер да болгон. Кырсыктан 4 адам жабыркаган.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-tik-uchaktyn-kyjrashy-boyuncha-tieshel-kyzmatkerler-zhumushtan-alyndy



Добавить комментарий