Ысык-Көлдө октон каза болгон кишинин жансыз денеси табылды

9 август 2018 23:20 1657 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл районунун Тамчы айылынан алыс эмес жерде октон каза болгон кишинин жансыз денеси табылды. 45-50 жаштардагы кишинин денеси 8-августта жергиликтүү аэропорттон алыс эмес тоонун жанынан табылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маркумдун жанынан ок отуучу курал, мылтыктын огу, жонбаштык жана анын ичинен идиш-аяк табылган. 

Мындан тышкары, кишинин жанында бири токулган эки жылкы жүргөн. Эркек кишинин өздүгү такталууда, укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-okton-kaza-bolgon-kishinin-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий