Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу куралдар табылды

22 февраль 2021 11:55 855 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир ай ичинде Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 100дөн ашык ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, аталган аймакта "Арсенал" аталышындагы комплекстүү иш-чара өткөрүлгөн. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында мыйзамсыз сакталган 110 ок атуучу курал алынды, ошондой эле курал-жарактардын сактоо жана каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн бузуулар кодексинин негизинде 451 протокол түзүлүп, 51 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, бир айлыктын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине Жети-Огүз районунун аймагында «Маку» аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз снайпердик мылтыкты сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча тийиштүү издөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал, Саруу айылынын 43 жаштагы тургуну А.М. болуп чыгып, анын үйүндө санкцияланган тинтүү жүргүзгөндө, үйүнүн чатырына катып койгон «Тигр» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал оптикасы менен алынган.

"Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 253 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Ок атуучу куралдын кайсыл жерден чыкканын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды.

«Бир айлыктын жүрүшүндө, милиция кызматкерлеринин ишинин негизги багыты мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталды. Натыйжада, 100гө жакын жаран өз ыктыялары менен ата-энесинен же туугандарынан катталбай калып калган ок атуучу куралдарды өткөрүп беришти. Тиешелүү экспертизаларды жүргүзгөндөн кийин, эгерде бул куралдар ар кандай укук бузууларда байкалбаса, анда алар өз ыктыяры менен куралдарды тапшырган жарандарга кайрадан катталат ”, - деп айтылат маалыматта.

Бир айлыктын жүрүшүндө 61 мурда катталган кылмыштардын бети ачылып, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Баӊги заты менен байланышкан 12 кылмыш аныкталган.   

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-myjzamsyz-saktalyp-zhrgn-ok-atuuchu-kuraldar-tabyldy



Добавить комментарий