Ысык-Көлдө кыз ала качып бараткандар кармалды
Кыз ала качууга шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган кабарга таянсак, 10-ноябрда Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгына бир нече жигиттер кызды унаага күчтөп салышып белгисиз тарапка алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.
Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери алардын изине түшүп Балыкчы шаарында «Тойота Виш» унаасын кармашкан. Унаада 1996-жылы туулган К.у.Б., жана Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун тургундары-бир нече жигиттер болгон.
Алар А.к.Н. аттуу кызды Ак-Суу районуна ала качып бара жатышканы белгилүү болду.
Тергөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kyz-ala-kachyp-baratkandar-karmaldy
Добавить комментарий ×