Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

31 май 2021 09:47 1559 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

31-майга караган түндө Ысык-Көл оболусунда жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кыргыз Республикасынын Сейсмология иститутунун маалыматына ылайык, 31-май түндө 00:08 саат чамасында Ысык-Көл облусунун аймагынын очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган”- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий