Ысык-Көлдө баңгизатты жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалды
Ысык-Көл тургунун үйүнөн 4 кг дан ашык "марихуана" жана 16-калибриндеги сайсыз куралдар табылып алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран Ысык-Көл облусунун аймагынан Бишкек шаарына сатып өткөрүү максатын ишке ашыруу үчүн, табигый өсүүчү баңгизаттарды сактоо жана жасоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо максатында, 2020-жылдын декабрь айынын башында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жашаган, 1971-жылы туулган А.Ж. аттуу атуулдун үйүнө санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Аталган иш-чараны жүргүзүү алкагындагы атайын тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүнүн үйүнөн кара-жашыл түстөгү кендир жыттанган, капка салынган зат табылып алынган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда мыйзамсыз курал-жарактарды сактап жүрүү фактысы аныкталып, уруксат берүүчү документтери жок эки бирдик 16-калибриндеги сайсыз куралдар табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат салмагы 4 кг 300 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Добавить комментарий ×