Ысык-Көлдө үйлөргө кирип келип, коркутуп телефондорду тартып алып жүргөн жарандар кармалды

18 февраль 2021 10:05 1538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө уюлдук телефондорду тоноп жүрүшкөн шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында жана февраль айынын башында облустун борбору Каракол шаарында уюлдук телефондорду тоноо жолу менен алып кеткен бир катар учуру орун алган. Шаардык милициясына кайрылган жабырлануучунун бири, азият улутундагы эки бала үйүнө киришип, аны коркутуп, күч менен Redmi Note 7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Ал эми, кийинки жабырланычуу болсо, анын жумушуна келишкен эки белгисиз адам, зомбулук көрсөтүү менен Xiaomi Mi A2 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып кетишкендиги жөнүндө көрсөтмөсүн берген.   

Кийинчерээк, Каракол ШИИБне кайрылган жабырлануучу, белгисиз 2 бала үйүнө киришип, денесине залал келтирүү коркунучун көрсөтүшүп, акча каражаттарын доолашканын жана андай акча каражаты жабырлануучуда жок экендигине көздөрү жеткенде, милицияга кайрылсаӊ, өмүрүнө коркунуч келтирери менен коркутуп кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-берене  (Тоноо) менен 203-беренеси (Опузалоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жакында, Ысык-Көл ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектүү адамдардын өздүктөрүн аныкташып, колго түшүрүштү. Алар Каракол шаарынын тургундары, 20 жаштагы Т.И. жана 19 жаштагы К.Д. болуп чыгышты. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта, шектүү катары кармалышкандар өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен мойундарына алышты”, - деп жазылат маалыматта.

Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүлөрдүн башка ушул өндүү кылмыштарга тиешестиги бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-jlrg-kirip-kelip-korkutup-telefondordu-tartyp-alyp-ketip-zhrgn-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий