Ысык-Көлдө үй өрттөнүп, 50 жаштагы киши каза болду
Ысык-Көлдө иске ууланып 50 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 21-ноябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен улам 50 жаштагы эркек киши каза тапты.
“Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, өрт саат 06:50дө чектөөгө алынуу менен 08:50дө толук өчүрүлгөн.
Каза болгон 1972-жылы туулган М.Н.В аттуу адам үйдүн ээси болгон. Алдын ала маалымат боюнча жаран үйүндө жалгыз жашаган.
Тилсиз жоонун жалпы аянты 64 чарчы метрди түзүп, үйдүн чатыры жана үй оокаттары күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-j-rttnp-50-zhashtagy-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×