Ысык-Көлдө үй өрттөнүп, 50 жаштагы киши каза болду

21 ноября 2022 11:28 1467 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө иске ууланып 50 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 21-ноябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында  Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен улам 50 жаштагы эркек киши каза тапты.

“Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, өрт саат 06:50дө  чектөөгө алынуу менен  08:50дө  толук өчүрүлгөн.

Каза болгон  1972-жылы туулган М.Н.В аттуу адам үйдүн ээси болгон. Алдын ала маалымат боюнча жаран үйүндө  жалгыз жашаган.

Тилсиз жоонун  жалпы аянты 64 чарчы метрди түзүп, үйдүн чатыры жана үй оокаттары күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-j-rttnp-50-zhashtagy-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий