Ысык-Көлдө балдар ойноп жатып эки миң тоннадан ашык чөптү өрттөп ийишти
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында эки тоннадан ашык чөп күйүп кетти.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
“16-сентябрда саат 13.00дө турак үйлөрдүн биринин короосунда чөп өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө Түп районундагы № 34 өрт-куткаруучу бөлүмүнүн бир унаасы иштеди”,-деп айтылат маалыматта.
Саат 16.45те тилсиз жоо толук бойдон өчүрүлдү. 2 тонна жана 350 түк чөп күйгөн.
Өрттүн келип чыгышынын себеби балдардын шоктугунан болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-baldar-ojnop-zhatyp-eki-mi-tonnadan-ashyk-chpt-rttp-ijishti
Добавить комментарий ×