Түп районунда болгон өрттөн эки бала каза тапты
Поделиться в:
Түп районундагы Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө үйдүн сарайында чөп өрттөнүп, тилсиз жоодон эки бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Өрттү өчүрүүгө Түп районундагы №34 өрт өчүрүүчү жайдын унаасы тартылды.
Саат 17:45те өрт толугу менен өчүрүлдү.
Кырсыктан улам 2017-жылы туулган кыз жана 2015-жылы туулган бала каза тапты.
Баардыгы болуп 600 түк чөп күйүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tp-rajonunda-bolgon-rttn-eki-bala-kaza-tapty
Добавить комментарий ×