Ысык-Көлдө 3 жаштагы кыз жаман суу куюлган сливке чөгүп кетти

4 октябрь 2018 14:05 1857 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунун Түп айылында 3 жаштагы кыз үйдөн чыккан жаман суу куюлуучу сливке чөгүп кетти. 

Бул маалыматты облустун ИИМдин кызматкерлери тастыкташты.

Укук коргоо органдарынын айтымында окуя 29-сентябрда болгон. Текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Кичинекей кыз бактагы сливдин жанында ойноп жатып кулап кеткен. Аны куткарууга мүмкүн болгон жок.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-3-zhashtagy-kyz-zhaman-suu-kuyulgan-slivke-chgp-ketti



Добавить комментарий