Ысык-Көлдө 3 бала өсүмдүктүн эритмесине ууланды

11 август 2018 00:04 1905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө 3 бала өсүмдүктүн эритмесине ууланды. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда 3 бала аконит өсүмдүгүнүн эритмесине ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. 

Маалым болгондой, Түп районундагы Ак-Булак айылында жашаган 25 жаштагы аялдын толгоосу келип, Караколдогу төрөт үйүнө кеткен. Ал Күрмөнтү айылында жашаган апасына 3 жана 4 жаштагы 2 баласын таштап кеткен. Ал үйдө дагы бир 9 жаштагы өспүрүм болгон. 

«Чоң энеси башка иштер менен алаксып жүргөндө балдар бөтөлкөдөгү суюктукту таап алышкан. Алар шире экен деп ойлоп ичип алышкан. Натыйжада ууланышып, Түп райондук ооруканасына жеткирилди», — деп жазылат маалыматта

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-3-bala-smdktn-eritmesine-uulandy



Добавить комментарий