Ысык-Көл жана Нарында пробация департменти "жардам " иш чарасын өткөрдү

16 декабрь 2020 16:02 2192 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл жана Нарында пробация кардарлары жардам алууда. Бул тууралуу пробация департаментинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Декабрь айында Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгы Каракол жана Нарын шаары, Нарын жана Жети-Өгүз району боюнча пробация органдарында «Жардам» аттуу иш-чара өткөрдү.

Бул иш-чарада жергиликтүү жалпы дарыгерлер практикалык борборунун, билим берүү бөлүмүнүн, калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунун, эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, социалдык фондунун, юстиция башкармалыгынын, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү пробациянын кардарларына адистик кеңешмелерин беришти.

Муктаж болгон пробация кардарлары жогорудагы адистерге тиешелүү суроо талаптарын берүү менен ар кандай суроолорго жооп алышып, чечилбей жаткан маселелери боюнча кеңешме алышып, аларга көйгөйлөрүн жеринде чечип берүү боюнча көмөк көрсөтүлдү.

Тактап кетсек:

·  2020-жылдын 2-декабрында Жети-Өгүз районунда бир кардар ден-соолугу начар болуп жаткандыгын айтып кайрылуу жасап медицина кызматкери тарабынан ооруканага жолдомо берилип, анализ тапшыруусу милдеттендирилди. Дагы бир кардар жарандык паспортун жоголгондугу боюнча кайрылуу жасап маселеси жеринде чечилип, паспортун жасатууга тиешелүү документтери өткөрдү. Ошондой эле дагы бир кардар эки жаштагы баласына жөлөк пул чегерилбей жүргөндүгүнө байланыштуу тиешелүү кагаздарын толуктап социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө алып келүүсү милдеттендирилди.

·       2020-жылдын 15-декабрында Нарын шаары жана Нарын району боюнча пробация органынын каттоосунда турган 15 адам аталган иш-чаранын алкагында адистерге кайрылышкан. Жыйынтыгында 8-класска чейин окуган бир пробация кардары, окуу тууралуу күбөлүгүн убагында алган эместигин билдирип, билим берүү бөлүмүнүн өкүлүнүн тактоосуна алынды. Эки гепатит оорунун «С» туру менен ооруган кардарларга, гепатитти даарылоо үчүн даарыларды акысыз алуу үчүн жашаган дареги боюнча аймактык үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуусу сунушталды. Ошондой эле, 20 пробациянын кардарлары, иш-чаранын алкагында, Нарын облусттук СПИДке каршы күрөшүү борборуна өз ыктыяры менен ВИЧ-инфекциясын аныктоочу экспересс тестке анализ тапшырышты.

·2020-жылдын 15-декабрында Каракол шаарынында өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө пробация органында каттоодо турган кардарларга жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте, жокко учураган учурларда документтери калыбына келтирүү, жөлөк пул маселесин, гуманитардык жардам жана башка маселелерди чечип берүү сунушталды.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жардамдан тышкары, аталган иш-чаранын алкагында, кардарлар пробация мыйзамы жөнүндө, үй-бүлөлүк ажырашуулар, соттон коюлган айып пул, жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң соттулугун кантип жоюу боюнча суроолорго тиешелүү адистерден консультация алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-zhana-narynda-probaciya-departmenti-zhardam-ish-charasyn-tkrd



Добавить комментарий