Ысык-Көл районунун акими коомдук жайларда каралбай ээн жүргөн малдын ээлерине айып салынышы керек деди
"Ысык-Көл районунда соңку убакта жол кырсыктары көп катталууда. Анын башкы себеби болуп мал жандыктарынын өзгөчө уй, жылкылар кароосуз калып, унаа жүрүүчү жолго чыгып кетүүсү себепчи болууда". Мындай оюн Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Иманалиев Данир өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып калтырды.
"Бул көрүнүш өзгөчө Бакту-Долоноту жана ат майдандын айланасында орун алып жатат. Кароосуз жайылган малдар коомдук жайларды булгап, көркүн бузуп, жол кырсыктарына себепкер болуп эле тим болбостон, атайын кооздук үчүн өстүрүлгөн клумбалардагы чөптөрдү тебелеп жок кылууда. Бул албетте, районго эстетикалык, экономикалык зыян алып келүүдө. Ошондуктан, жалпы жергиликтүү тургундарды тез аранын ичинде мал-жандыктарыңыздарды кароого алып, коомдук жайлардан алыс кайтарууңуздарды суранабыз. Жогоруда айтылган көрүнүштөр кайталана берсе, тиешелүү административдик чаралар көрүлөөрүн эскертебиз. Кароосуз калтырылган мал-жандыктардын кесепетинен жол кырсыгына кабылган жаранга бардык чыгымдар мал ээси тарабынан төлөнүп, кошумча административдик чыгымдарды да төлөөгө милдеттендирилет"-деп жазды аким.
Жергиликтүү эл мал менен жанын багып жатса, жалгыз уюн унаа менен сүзүп алып, кайра айып төлөтсөңөр кандай болот деп элет жериндеги турмушту колдогондор да чыкты. Бирок, көпчүлүгү коомдук жайларда малдарын карабай кое бергендерге административдик айып төлөнүшү керек деген сунушту туура деп кабыл алышты.
Добавить комментарий ×