Григорьевкалыктар мал ууруга шектүүнүн үй-бүлөөсүн айылдан көчүп кетишин талап кылып жатышат (видео)
Григорьевка айылынын тургундарына милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
7-декабрь күнү социалдык тармактарда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 52 жаштагы тургуну К.М. Түп районунун Ой-Тал айылынын бир баш жылкыны уурдап жаткан тасмасы жарыялангандан кийин, Григорьевка, Темировка, Кашат, Семеновка айылдарынын болжолду 70-80дей тургундары, кылмышка шектүү адамдын үйүнүнүн жанына чогулушуп, бирөөлөрдүн малдарын уурдагандыгы боюнча өздөрүнүн нааразычылыктарын билдиришкен.
Андан кийин, мал уурулука шектелген К.М. үйүнөн 23 баш бодо малын жана 51 баш койлорун айдап чыгышып, ушул эле айылдын бир тургунунун кашарына алып барышып камап коюшкан. Андан сырткары, К.М. кичүү инисинин үйүнө да барышып, ал жерден 6 баш уйду, 3 баш музоону жана 4 баш жылкыны алышып, аларды да, ошол эле кашарга алып барышып, кайтарууга алышкан.
Окуядан кийин, эртеси Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары К. Айдакеев, райондун акими М. Сарыбагышев жана райондук милициянын жетекиси Н. Абдыкеримов, жогоруда көрсөтүлгөн айылдардын тургундары менен кезигишкен.
Айыл тургундарынын айтымында мал уурулука шектелген К.М., анын бир туугандары 56 жаштагы К.А. жана 51 жаштагы К.Н. мурда да мал уурулук менен соттолушуп келишкен. Ошондой эле, алардын айылдарынан да мал уурдалып жаткандыгын жана аларга бир туугандардын тиешестиги бар экенине шектеп жатышканын билдиришкен.
Кезигүү учурунда, айыл тургундары бир туугандар К.А., К.М. жана К.Н. эл алдында жооп беришин, үй-бүлөөлөрү менен айылдан көчүп кетип калышын жана уурдалган малдун ордун толтурушун талап кылышты.
Өз учурунда мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү тарабынан аталган жагдай боюнча кеӊири түшүндүрмөлөр берилип, бардык иш аракеттер мыйзам чегинде аткарылышы керек экендигин жеткиришти. Ошондой эле, Түп районунун Ой-Тал айылында мал уурулук боюнча К.М. шектүү катары сотко чейинки өндүрүш ишинде өтүп жаткандыгын жана башка мал уурулук кылмыштарына анын тиешестиги бар же жок экендиги боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат да берилди.
Учурда, Григорьевка айылында коомдук абал туруктуу, эл арасында түшүндүрүү иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oiibi-grigorevka-ajylynyn-turgundaryna-tshndr-ishteri-tkrld
Добавить комментарий ×