Ысык-Көл менен Ош облусунда жер титиреди
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-март күнү саат 20:56да Таджикистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:49да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз, Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Күл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында 3 балл жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×