Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Ысык-Көл облусунун аймагында 2-июнь күнү саат 15:29да эпицентринде 3,5 балл күчү менен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жер титирөө катталган жерден 3 км түштүк-батышта Подгорное, 8 км түндүк-батышта Жети-Өгүз , 10 км түндүк-чыгышта Светлая Поляна айылы, 20 км түштүк-батышта Каракол шаары жайганкан.
Маалыматка ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Подгорное айылында, Жети-Өгүз курортунун аймагында, Светлая Поляна, Оргочор, Кызыл-Суу, Чоң-Кызыл айылдарында 3,5 балл болгон. Жалгыз Өрүк, Саруу, Мундуз, Ырдык, Тилекмат айылдарында болжол менен 3 баллга жеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunda-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×