Ысык-Көл облусуна кирип-чыкканга тыюу салган жетекчилерге чара көрүлөт

6 май 2020 12:32 2964 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунун аймагынан чыккандарга жана киргендерге тыюу салып, коронавирус жугуп-жукпаганын тастыктаган документти талап кылуу чечимин кабыл алган жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

“Ысык-Көл облусуна кирип-чыкканда тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынган. Бул чечим жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган, бирок азыр атайын республикалык штабдын чечими менен ал чечим жокко чыгарылды. Чечимге барган мамлекеттик кызматкерлер менен жетекчилерге өкмөт тиешелүү чараларды көрөт”, — деди Мадумаров.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү штабдын чечими менен облус аймагында ары-бери каттаган элден коронавирус жугуп-жукпаганын ырастай турчу документ талап кылына баштаган. Андан сырткары облус аймагынан чыгууга тыюу салынган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusuna-kirip-chykkanga-tyyuu-salgan-zhetekchilerge-chara-krlt



Добавить комментарий