Ысык-Көл ИИБинин орун басары Эрлан Атантаев Бишкек ШИИББдин орун басары болуп дайындалды

11 январь 2019 15:00 1254 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусундагы ИИБнын башчысынын орун басары  Эрлан Атантаев Бишкек ШИИББдин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы Barometr.kg сайтына маалымдады.

Тиешелүү буйрукка ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев кол койду. 

Эске салсак, Эрлан Атантаев буга чейин Ысык-Көл ОИИБнын башчысынын орун басары кызматында 2016-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин Патрулдук милиция башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-iibinin-orun-basary-erlan-atantaev-bishkek-shiibbdin-orun-basary-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий