Ысык-Көл аймагында жер титирөө катталды
Бөлүшүү:
Ысык-Көл облусунда бүгүн күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык жер титирөө, 2019-жылдын 9-январь күнү саат 01:41де Ысык-Көл облусунун Тон районунун Оттук айылында 3 баллга, Кара-Талаа айылында 2,5 баллга жана Ак-Өлөң айылына 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-ajmagynda-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×