Ысык-Атада жоголуп кеткен 13 жаштагы кыз табылды
Бөлүшүү:
Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үйүнөн чыгып кетип кайтып келбей калган кыз тез арада табылды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынан басма сөз кызматынан кабарлашты.
22-апрелде Ысык-Ата районунун Эпки айылынын 44 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызы жоголуп кеткенин айтып арыз берген. Кыз 21-апрелде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Милиция кызматкерлери кыздын жакындарынын, классташтарынын жардамы менен издөө иштерин баштап, өспүрүмдүн Бишкекте жүргөн жерин аныкташкан.Учурда кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-zhogolup-ketken-13-zhashtagy-kyz-tabyldy
Добавить комментарий ×