Ысык-Атада бригадирин моюнга бычак менен сайып жибергенге шектүү жумушчу кармалды
Ысык-Ата районунда сын айтып койгону үчүн бригадирин бычактап койгонго шектүү жаран каралды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 19-майда милицияга аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран келгени тууралуу маалымат түшкөн.
“Милиция ооруканага барган учурда 1970-жылы туулган, бычактан жаракат алган.
Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, 1-беренесинин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран С.Б. кочодо жумушчулар менен бирге бригадир болуп, Кулпунай айылында үйдүн пайдубалын куру п жаткан.
2023-жылдын 19-майында жумушчулардын бири, 1977-жылы туулган И.Т. аттуу жаран эртең менен жумушка чыкпай, түштөн кийин мас абалында келген. Бригадир эскертүү берип, алардын ортосундагы чырдын кесепетинен жаран И.Т. бригадири С.Б.нын мойнуна бычак сайып жиберген .
Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери изи сууй электе шектүүнү кармаган.
Жаран И.Т. 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×