Ысык-Көлдө атасы кызын куткарам деп, кошо чөгүп кетти
Бөлүшүү:
Кечээ, 10-июнда Ысык-Көл облусунун Сары-Булак айылында эки адам сууга чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Кырсык кечээ, 10-июнда саат 13:40 чамасында катталган. Анда 2001-жылы туулган кыз сууга чөгө баштаган. Аны 1979-жылы туулган атасы сактап калууга аракет кылган. Бирок экөө тең көз жумган",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, жерине төрт куткаруучу тартылган. Атасы менен кызынын сөөгү суудан жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ysy-kld-atasy-kyzyn-kutkaram-dep-kosho-chgp-ketti
Добавить комментарий ×