Ысык-Көлдө атасы кызын куткарам деп, кошо чөгүп кетти

11 июня 2021 10:05 13939 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 10-июнда Ысык-Көл облусунун Сары-Булак айылында эки адам сууга чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Кырсык кечээ, 10-июнда саат 13:40 чамасында катталган. Анда 2001-жылы туулган кыз сууга чөгө баштаган. Аны 1979-жылы туулган атасы сактап калууга аракет кылган. Бирок экөө тең көз жумган",- деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка ылайык, жерине төрт куткаруучу тартылган. Атасы менен кызынын сөөгү суудан жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылган.

 
 

Ссылка: https://barometr.kg/ysy-kld-atasy-kyzyn-kutkaram-dep-kosho-chgp-ketti



Добавить комментарий