Ыссык-Көлдө курорттордо, ишкерлерден акча опузалап талап кылып жүргөн жаран кармалды

27 февраль 2020 19:26 561 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө бейбаштыкка жана башка кылмыштарга шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ысык-Көл РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан  бейбаштык иш-аракеттерине шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн.  Жакында ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укукка каршы иш-аракеттерге шектелген Ысык-Көл районунун тургуну, мурда баңгизат жана алдамчылык үчүн соттолгон 1996-жылы туулган Э.Э. аттууну кармашты. Аталган факты КЖБРге катталып, РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин «Бейбаштык» негизинде  сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган. Башында, ишкерлерди коркутуу менен алектенип, курорттук мекемелердин жумушчуларынан акча каражатын опузалап талап кылып жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат боюнча кармалган жаран Э.Э. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда Ысык-Көл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

Ссылка: https://barometr.kg/yssyk-kld-aldamchylyk-chn-sottolgon-zharan-karmaldy



Добавить комментарий