Жарандан 500 миң сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

22 ноябрь 2023 16:09 2056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ур-токмокко алам деп коркутуп, жарандан 500 миң сом талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалыматта, 500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы айтылат. 

“Кармалган жаран физикалык күч колдоном деп коркутуу жолу менен Ноокат районунун жашоочусуна 500 миң сом акча каражатын берүүнү милдеттендирип койгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен козголгон.

Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жаран И.К.ны 166 миң сомду алган жеринен кармашкан.

Кармалган жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат жана 2008-жылы каракчылык фактысы боюнча  соттолгон.

Ал Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/nookattyn-turgunun-korkutup-500-mi-som-aluuga-araket-kylgan-degen-shek-menen-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий