Ырчы Жоодарбешим жубайы тууралуу: "Кашың, көзүң, чачың баары өзүңдүкү. Мен ыраазымын"

29 март 2019 13:34 6917 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Жоодарбешим Табылганов азыркы учурда чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткени баарыбызга маалым. Ырчы Аксаана аттуу кызга баш кошуп эки жаш 2018-жылы кыздуу болушкан.

Жоодарбешим инстаграм баракчасынан жубайына ыраазчылык билдирген пост жазып, сүйүүсүн билдирди.

Ал жубайы экөө түшкөн сүрөт жүктөп баяндамасына:

"Мен сени жасалмасыздыгын үчүн сүйөм, чачың, кашың, көзүң, сүйлөгөн сөзүң, эриндериң, жан дүйнөң баары өзүңдүкү, интернет үчүн эмес, мен учун жашагандайсың, Алллахыма шүгүр, рахмат, ыймандуу жанды насип кылды. Түбөлүк, кичинекейим мен сени тандадым, аял кылыш үчүн эле эмес сени бир өмүр коргоп, үшүсөң жылытыш үчүн, ысысаң көлөкөң болуш үчүн, анан ушундай таттуу сезимдер менен бул өмүрдү татыктуу жашап, канымдан жаралган карегимдей кымбат балдарымды, артыбызга ыйык Mекенибизге калтырыш үчүн үйлөндүм сага. Кудайым ыраазы болсун жаным, мен ыраазымын", -деп Аксаанага ыраазычылыгын билдирди.

Ырчынын күйөрмандары таттуу түгөйлөргө жакшы калоо-тилектерин жазып калтырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-zhoodarbeshim-zhubajy-tuuraluu-kashy-kz-chachy-baary-zdk-men-yraazymyn



Добавить комментарий