Ырчы Селин Дион концертти дааратканага чыккан эркек үчүн токтотуп турду
Канадалык белгилүү ырчы Селин Дион Лас-Вегас шаарында 1144-концертин берүүдө. Ал бул концертинде чындыгында Лас-Вегаска мынчалык көп концерт коём деп ойлобогонун да эскерди.
Бирок баарынан кызыгы анын өз күйөрмандарына көрсөткөн сый-урматы болду. Концерт учурунда алдыңкы катарда отурган коноктордун бири дааратканага чыгып кеткен. Ырчы ырдап жатканына карабай аны байкап калып жигит келгенче баарып токтотуп күтүп турган.
Дааратканада кармалган күйөрман келгенден кийин гана Селин ырдоону уланткан. Бул аракетин ал:
“Биринчи катарда отуруу үчүн аз эмес акча төлөгөндүгүңүз үчүн сиз дааратканага кеткенде көрсөткөн жардамым ушул болсун”, -деп тамашага салган.
Ырчы өз сөзүндө аталган шаарда 16 жылдан бери аншлаг менен концерт коюп келээрин да кошумчалаган.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-selin-dion-koncertti-daaratkanaga-chykkan-erkek-chn-toktotup-turgan
Добавить комментарий ×