Ырчы Самара Каримова Оштогу карылар үйүнө, чек арадагыларга жардам көрсөттү – сүрөт, видео

23 май 2020 22:45 1512 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы, КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова үй-бүлөсүнүнү атынан Оштогу карылар үйүнө, Ош тез жардам кызматкерлерине жардам, Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 6 тонна ун, 1 тонна май жана 500 кг макарон таркатышты. Бул тууралуу ырчы “Барометр” агенттигине ырастады.

Андан сырткары Тажикстан менен чектешкен аймактарга дагы гуманитардык жардам жеткирилди.




“Баткен, Лейлек Тажикистан менен чек ара айылдарга менин демилгем менен Каныбек мырза менен чогу 1,5 млн сомдук жардам таркаттык, колдоо иретинде. Рамазан айынын урматына. Ун, май, күрүч, шекер, акчалай жардам, бирдик, көп балалуу үй-бүлөлөргө кир жуучу машина, муздаткыч таркаттык”, — деди ырчы.

Андан сырткары ырчы Элсом номерине 200 миң сомдон ашык акча топтоп, аны да жардамга муктаждарга таркаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-samara-karimova-oshtogu-karylar-jn-chek-aradagylarga-zhardam-krstt-srt-video



Добавить комментарий