Самара Каримова: Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле

28 июль 2021 09:50 1562 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жол кырсыгына кабылгандан кийинки жагдайы жакшы экенин социалдык баракчасына маалымдап, абалын сурап колдоо көрсөткөнү үчүн баардыгына  ыраазычылык билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Урматтуу замандаштарым, ага-эжелерим, достор, чет өлкөдөгү мекендештер, 7 аймактан жазып колдогон бир туугандар, туугандар, кесиптештер, күйөрмандарым. Каалоо-тилектерге, ак бата, дуаларынызга чоң ырахмат. Кырсык каш кабактын-ортосунда дегендей бир аз кырсыктап калдык. Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле.Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиптирбиз. Аллага чексиз шүгүр баарыбыз аманбыз.Жараткандан келген сыноого ыраазыбыз. Ош-Бишкек жолунда такси кылган агалар, мырзалар жардам берген жалпы жүргүнчүлөр баарыңыздарга Алла ыраазы болсун. Токтогул шаардык ооруканасындагы өмүр сакчылары иштеген жалпы ак халатчандар таазим сиздерге. Врачтар телефон колдонууга эми уруксат берди.Ошко азыр которулабыз”,-деп жазды ырчы айым.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-июлда ырчынын жолдошу Мансур Асанов айдап бара жаткан унаа кырсыкка кабылган.Кырсыктан Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев баш болгон бир нече адам жабыркаган.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-zhalal-abaddan-syj-konok-bolup-zholgo-chyktyk-ele



Добавить комментарий