Кадырбеков: Самара Каримова өз каалоосу менен арыз жазып кетиши керек эле. Биз ушул багытта аракеттендик
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Самара Каримованын Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык орто окуу жайга директор болуп аз убакытка дайындалып, элдин катуу сынына кабылып, аны менен кошо министрликке да коомчулук тарабынан бир топ кескин сындар айтылышы тууралуу үн катты. Бул тууралуу министрдин соцтармактагы баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Салам алейкум, урматтуу замандаштарым.
Белгилүү ырчы кыздын Ош шаарындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалышы боюнча бир топ резонанс болду. Министрликке жана мага карата ачуу сындар айтылды. Бир топ окурмандарым жана угармандарым жеке баракчама жазышты. Ошого байланыштуу маалымат берейин.
Биз мыйзамды сыйлап, соттун чечимин аткардык. Сот жараянына катышкан юристтин жана кадр маселесин тейлеген статс-катчынын жүйөөсүн угуп, маселени таразалап буйрук чыгардык. Бирок, коомчулукта бул чечимди колдогондордон сындагандар көп болду. Окуу жайдын жамааты да жаңы жетекчини кабыл алган жок.
Биз эл-журтубуздун пикирин сыйлайбыз. Эл менен элбиз. Деген менен, коомдук пикирди негиз тутуп, чечкиндүү кадам кылганга эмгек мыйзамы жол бербейт экен.
Маселени тез жана биротоло чечүүнүн бир гана жолу бар эле. Самара Каримова өзү арыз жазып, кызматтан баш тартышы керек болчу. Биз ушул багытта аракеттендик. Кудайга шүгүр, бул жыйынтыгын берди. Самара Каримова арызын жазды. Аны кызматтан бошотуу боюнча буйрукка мурдагы күнү кол койдум.
Ордуна окуу жайдын жамаатынан жаш, билимдүү кадрды үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындадык.
Маселе тез жана жакшылык менен чечилди”, - деп жазды министр.
Эске сала кетсек, Самара Каримова 13-январда Маданият министрлигин соттон утуп алып, Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра барган.
Бирок, аталган окуу жайдын жалпы жамааты Каримованын директорлук кызматка келишине караманча каршы чыгышкан.
Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.
Ырчынын директор болуп дайындалышына окуу жайдын мугалимдери, студенттери да каршылыгын билдирип, Каримовага иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгондон кийин ал өз каалоосу менен Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын директорлугу кызматынан баш тартканын жарыялаган.
Добавить комментарий ×