Ырчы Неля: Туулган күнүмдө апамдын жок экенине ичим ачышып, жүрөгүм ооруп жатат

3 декабрь 2020 11:18 4140 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Неля Нуркулова бүгүн, 3-декабрь туулган күнүн белгилеп жатат. Бирок, ырчы өздүк майрамында анын кубанычына ортоктош болгон апасынын жок экенин эскерип, күйүтүн айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Менин апам жок өткөргөн биринчи туулган күнүм. Биринчи жолу апам мени өздүк майрамым менен куттуктабайт. Сени жарык дүйнөгө алып келип, бапестеп багып, табылгыс асыл сөздөрү менен кеңеш айткан апакеңди жоготуу абдан оор экен. Жан дүйнөм ооруп, ичим күйүттөн өрттөнүп турат. Апаңарды көзү тирүүсүндө сүйүп, баалап, болгон жакшы нерселерди тартуулаганга аракет кылгыла”, - деп жазды ырчы айым.

Ырчы Неля Нуркулова 1983-жылы 3-декабрда жарык дүйнөгө келген.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда Неля Нуркулованын апасы коронавирустан жакшы боло албай ооруканада көз жумган.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-nelya-tuulgan-knmd-apamdyn-zhok-ekenine-ichim-achyshyp-zhrgm-oorup-zhatat



Добавить комментарий