Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң доллары менен зер буюмдарын тоноп кетишти
Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң долларын жана баалуу зер буюмдарын тоноп кетишти. Бул тууралуу тактоо үчүн Barometr.kg сайтынан чалып байланышканыбызда ырчы:
“Бул ишти өзүбүздүн арабыздагы эле адамдар кылды. Мен бул тууралуу комментарий бербей эле коёюн”, -деген жообун узатты.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы barometr.kgге кабарлагандай, аталган факты боюнча учурда иликтөө башталды.
“5-майдан 6-майга караган түнү Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына А. Д аттуу жаранынан белгисиз адамдар тоноп кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Алар түнү саат 01:45те үйгө кирип анын 60 миң АКШ долларын жана баалуу зер буюмарын уурдап кетишкен. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталып КР кылмыш жана жаза кодуксинин 202-статьясынын 3-беренесинин негизинде каракчылык боюнча кылмыш иши козголду. Аталган факты боюнча кылмышка шектүүлөрдү кармоо үчүн атайын топ түзүлүп изилдөө иштери активдүү түрдө жүрүп жатат”,-деп кабарлашты редакцияга.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-mirbek-atabekovdun-apasyn-sabap-tonop-ketishti
Добавить комментарий ×