Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң доллары менен зер буюмдарын тоноп кетишти

13 мая 2019 11:03 15275 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң долларын жана баалуу зер буюмдарын тоноп кетишти. Бул тууралуу тактоо үчүн Barometr.kg сайтынан чалып байланышканыбызда ырчы:

“Бул ишти өзүбүздүн арабыздагы эле адамдар кылды. Мен бул тууралуу комментарий бербей эле коёюн”, -деген жообун узатты.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы barometr.kgге кабарлагандай, аталган факты боюнча учурда иликтөө башталды.

“5-майдан 6-майга караган түнү Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына А. Д аттуу жаранынан белгисиз адамдар тоноп кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Алар түнү саат 01:45те үйгө кирип анын 60 миң АКШ долларын жана баалуу зер буюмарын уурдап кетишкен. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталып КР кылмыш жана жаза кодуксинин 202-статьясынын 3-беренесинин негизинде каракчылык боюнча кылмыш иши козголду. Аталган факты боюнча кылмышка шектүүлөрдү кармоо үчүн атайын топ түзүлүп изилдөө иштери активдүү түрдө жүрүп жатат”,-деп кабарлашты редакцияга.

 

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-mirbek-atabekovdun-apasyn-sabap-tonop-ketishti



Добавить комментарий