Ырчы Мирбек Атабеков эки ИВЛ аппаратын сатып алат (Видео)
Ырчы Мирбек Атабеков учурдагы кырдаалга байланыштуу 2 даана ИВЛ аппаратын сатып алууга каражат которду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.
«Бизде байлар абдан көп. 100 миң сом эмес, 100 миң долларга кудурети жеткен адамдар бар. Мындай оор абалды бирге жеңели. Мен дагы 2 ИВЛ аппаратка акча котордум», - дейт КРнын эл артисти.
Буга чейин блогер Адылбек Асанов жасалма дем алдыруучу аппаратка акча топтоо үчүн өлкөбүздүн бай адамдарын кыйын учурда мекенин колдоого чакырган.
"Учурда 70 ИВЛ аппаратына каражат топтолду. Түркияга буйрутма берилди, ал дүйшөнбү күнү келиши күтүлүүдө", - деди блогер.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда 473 ИВЛ аппарат жана 610 кислороддук концентратор бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык дагы кеминде 220 ИВЛ аппарат жана 2 000 кислород концентрат керек.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-mirbek-atabekov-eki-ivl-apparatyn-satyp-aluuga-karazhat-kotorduvideo
Добавить комментарий ×