Ырчы МакSимдин менеджери анын абалы жакшыра баштаганын айтты

24 июль 2021 13:21 680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчынын менеджери Маргарита Соколованын айтымында, МакSимдин абалы жакшырып бара жатат, ошентсе дагы өпкөсүнө байланыштуу маселелер бар. Бул тууралуу менеджер Instagram социалдык баракчасына жазганын “Барометр” билдирет.

“Маринанын абалы жакшырып бара жатат. Аны эң мыкты дарыгерлер карап жатышат. Шарттар сонун. Супер заманбап жабдуулар бар. Баары жакшы болоруна эч күмөнүм жок. Албетте өпкөсүндө маселелер бар, организмде дагы маселелер бар, Covid оорусунда ушундай болору айдан ачык. Организм абдан алсырап калды да. Бирок анын абалы бүгүнкү күндө жакшырып бара жатканы бул факт. Албетте алдыда абдан узак дарылануу, калыбына келүү жана реаблитация дегендер болот”,-деп жазды Соколова.

Эскерте кетсек, 38 жаштагы ырчы МакSим 17-июнда корнавирустан жабыркап ооруканага түшкөн, бир нече күндөн кийин ал ИВЛ аппаратына туташтырылган, абалы оор бойдон калып жатканын буга чейин ЖМКлар кабарлап келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-maksimdin-menedzheri-anyn-abaly-zhakshyra-bashtaganyn-ajtty



Добавить комментарий