Дарыгер: МакSимдин өпкөсү, бөйрөгү, мээси сезгенип кетти, абалы оор

14 июля 2021 10:26 534 Barometr
Поделиться в:
ok

Терапевт Андрей Звонков Life Shot телеграм-каналына журналисттер үчүн ырчы МакSимге жасалган акыркы компьютердик томографиянын жыйынтыктарын түшүндүрүп берди. Бул тууралуу аталган каналага шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Ырчы үч аптадан ашык убакыттан бери жасалма комада жатат.

Дарыгер ырчынын өпкөсүндө коронавирустан улам плеврит пайда болгонун айтты.”Көп учурда бул бактериялык инфекциядан улам келип чыгат, өпкөнүн камсыздаган тамырлар жабылып калгандыктан бактериялык сезгенүү пайда болот. Бул олуттуу оору. Пиелонефриттин бар экени анын бөйрөгү дагы сезгенип жатканын көрсөтүп турат. Полисинусит-мээдеги сезгенүү, бул дагы коронавирустан улам келип чыкты.Мунун баары жетишерлик коркунучтуу”,-деп билдирди дарыгер.

МакSим жакындары: “Дарыгерлер Маринанын жаңы анализдерин алышты, анын өпкөсүндө ириңдүү сезгенүү бар, сепсис башталды окшойт дешти. Дарыгерлер колунан келгенин жасап жатышат”,-деп билдиришти.

38 жаштагы ырчы МакSим 17-июнда корнавирустан жабыркап ооруканага түшкөн, бир нече күндөн кийин ал ИВЛ аппаратына туташтырылган, абалы оор бойдон калууда.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-maksimdin-pks-bjrg-meesi-sezgenip-ketti-abaly-oor



Добавить комментарий