Ырчы Дайыр Исмадияров жубайынан кечирим сурап, жарашуу сунушун киргизди

24 март 2021 12:38 2337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Дайыр Исмадияров жубайына кайрадан жарашып, бирге түтүн булатуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Баардык жубайлар урушат, кайра жарашат. Кел кайрадан кол кармашып бирге жашайлы деп сунуш киргиздим. Жооп күтүп жаткан кезим”, - деп жазды ырчы.

Ырычынын бул кадамын кубаттаган күйөрмандары, кесиптештери жылуу билдирүүлөрдү жазып жатышат. 

Маалым болгондой, ырчынын жубайы эки ажырым жолго түшкөндөн кийин Москвага кетип калган.

Эске сала кетсек, Дайыр Исмадияров жубайы менен 2016-жылы баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан. 2017-жылы жубайлар эки ажырым жолго түшкөнүн айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-dajyr-ismadiyarov-zhubajynan-kechirim-surap-zharashuu-sunushun-kirgizdi



Добавить комментарий