Ырчы Болот Тасмаев узакка созулган оорудан көз жумду

1 июль 2020 11:24 926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Болот Тасмаев узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу маалыматты маркумдун жакындары «Барометрге» тастыкташты.

Маалыматка ылайык, аткаруучу кант диабети менен ооруп келген.

"Кечээ, канты көтөрүлүп ооруканага барган. Анын кесепетинен эки бөйрөгү иштебей калып, каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Тасмаевдин сөөгү бүгүн Бишкек шаарында жерге берилет.

Эскерте кетсек, Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. "Аманат", "Сен билген жоксуң", "Кусалык" деген ырлары менен таанылган.

«Барометрдин» жамааты аткаруучунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-bolot-tasmaev-uzakka-sozulgan-oorudan-kz-zhumdu



Добавить комментарий