Ырчы Батыров түндүк-түштүк бөлүнбөсүн деп уулуна “Ынтымак” деген ысым ыйгарды
Ырчы Азиз Батыров кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Таланттуу аткаруучу, ырчы, комузчу Азиз Батыров уулду болду.
“Сүйүнчү! Агайын-туугандар мен “Ата” болдум. Кыргыз жергебизде улуттар аралык ынтымак болсун деп, түндүк-түштүк бөлүнбөй ынтымактуу бололу деген жакшы ниет менен уулумдун атын “Ынтымак” деп койдум”, - деп жазган ырчы.
Наристе кечээ, 6-июль саат 22:15те Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарынын төрөт үйүндо жарыкка келди. Учурда эне жана баланын абалы жакшы.
Белгилей кетсек, Батыров “Ынтымак” аталышындагы комузчулар тобун жетектеп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-batyrov-tndk-tshtk-blnbsn-dep-uuluna-yntymak-degen-ysym-yjgardy
Добавить комментарий ×