Ырчы Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тоюнун 1-бөлүгү Ош шаарында башталды

16 март 2019 16:22 6753 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн ырчы Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тою Ош шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу ырчынын сахналаш достору Дания Эрматов, Нурлан Насип инстаграм баракчаларынан бөлүштү.

Данияр Эрматов Авазга күйөө жолдоштун милдетин аткарууда.

Эки жаш азырынча той тууралуу эч кандай маалымат берише элек. Айдана Дека жадакалса өзүнүн үлпөт көйнөгүнүн кандай экенин да элге көрсөтө элек.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тойдун биринчи бөлүгү Ош шаарында болуп кайра борбор калаада 2-бөлүгү уланат.

Эске салсак, Аваз Акимов 14-февраль күнү сүйүктүүсүнүн колун сурап, арадан көп өтпөй Бишкектин той каналарынын биринде 10-март күнү кыз узатуу кечеси болуп өткөн эле.

Мына ошентип кыргыздын жылдыздуу түгөйлөрунүн катарына дагы бир жуп кошулду.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-avaz-akimov-menen-ajdana-dekanyn-jln-toyunun-1-blg-osh-shaarynda-bashtaldy



Добавить комментарий