Ырчы Асель Кадырбекова 30 жашка толуп, туулган күнүндө карылар үйүнө барды
Ырчы Асель Кадырбекова кече, 19-мартта 30 жашка толуп, туулган күнүдө карылар үйүнө барды. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ырчы кыздын айтымында, ал кырсыкка кабылып, оор абалда жатканда жалпы элдин жана карылардын батасы кайрадан бутуна туруп сакайып кетишине себеп болгон.
“Менин эми мындан аркы жакшы жашоомдун жаңы тепкичи ушул болсун. Баарыңыздарга чооң ыраазычылыгымды билдирем”, - деп жазда ырчы.
Карылар үйүнө ырчы кыз өкүл апасы Неля жана жакындары менен бирге барган. Белек-бечкеги, тамак-аш, татуу даамдары менен барып, карыялардын батасын алуу менен туулган күнүн тосуп алды.
Эске сала кетсек, ырчы кыз 2020-жылдын жай айында авто кырсыкка кабылып, бир нече оор операцияны башынан өткөргөн. Ошол күндөн бери ырчы коомчулуктан оолак болуп, ден соолугун калыбына келтирүү менен алек болуп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-asel-kadyrbekova-30-zhashka-tolup-tuulgan-knnd-karylar-jn-bardy
Добавить комментарий ×