Ырчы Анжеликага 1200 даана роза гүлүн ким белек кылды?
Ырчы Анжелика Кайратовага белгисиз бирөө 1200 роза гүлүн белекке берди. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасынан кабарлады.
Ырчы ак розалардын жанынан түшкөн сүрөтүн жүктөп:
“Аялзатка гүл берүү үчүн себеп издебе, ал өзү себеп. Менин жакшы көргөн ак розаларым. 1200 роза”, -деп баяндама жазып койду.
Көпчүлүк ырчынын жашыруун күйөрманы ким экенине таң калышууда. Жашыруун дегенибиздин себеби Анжелика гүлдөрдү ким бергендиги тууралуу маалымат берген жок.
Ал эми ырчынын айрым катталуучулары “Марат берген болуш керек”,- деп божомолдогонго да жетишишти.
Эске салсак, буга чейин Анжелика Кайратова бизнесмен Марат Назарбеков менен мамилеси бар деген сөздөр айтылып, кийинчерек ырчы өз дарегине айтылгандар ушак экенин тастыктаган.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelikaga-1200-daana-roza-gln-kim-belek-kyldy
Добавить комментарий ×