Ырчы Анжелика суракка чакырылды

11 июнь 2022 10:00 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан суракка чакырылды. Бул тууралуу ырчы айымдын социалдык тармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облустук прокуратурасы ырчы айымды 14-июнга суракка чакырып, өз эрки менен келбесе зордоп суракка алынып келинерин билдиришкен.

Эске сала кетсек, Анжелика Кайратова 2021-жылдын 23-январында Караколго эс алууга бара жатып, кыздары менен таңга жуук жол кырсыкка кабылган. Алар оор жаракат алышып, алгач Кыргызстандан операция жасалып, андан соң чет өлкөдөн дарыланып келишкен.

Кийинчерээк, ырчы айым өздөрү кырсыкка учураган жол жээгиндеги бакты кыйдырган. Бирок, ырчынын бул кылыгы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, айрымдары жоопко тартылышы керектигин айтып чыгышкан. Коомчулукка резонанс жараткан окуяга жада калса Жогорку Кеңештин депутаттары да көңүл буруп, ырчы айымды жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-surakka-chakyryldy



Добавить комментарий