Ырчы Анжелика Кайратова: "Кызымды элиме тааныштырып, сахнаны өткөрүп берем"

6 июнь 2019 11:15 8426 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Анжелика Кайратова 3 кызын жалгыз тарбиялоодо, бирок ырчы соцтармактагы бөлүшкөн сүрөттөрүндө көпчүлүк пикир калтыруучулар “сен улуу кызыңа көп көңүл бөлөсүң” деп сынга алып келишет. Ырчы андай учурда кыздарына тең мамиле жасаарын жана алардын каалоолору менен болоорун айтып келет. Бул жолу ырчы улуу кызы Айымага көңүл бөлгөнү тууралуу:

“Эмне үчүн улуу кызыңа көп көңүл бурасың деп көп сурайсыздар.
Чынында, үчөөнө тең бирдей карайм. Ар бирин өзгөчө сүйөм. Ар бир наристенин кылыгы бар, каалоосу бар. Ошого жараша мен кыялын орундаткым келет. Айыма кызым чоңоюп калды, бардык нерсени өзү чечет. Азыр ырдоого кызыгуусу күчөп турган мезгили. Көп ырларды жаздырып баштадык. Жеке концертимде кызымды элиме дагы бир ирет тааныштырып, сахнаны эки-үч жылда өткөрүп берем”, -деп сахнадан 2-3 жылда кетем деген сөздүн башын кылчайтты.

Бул сөзгө көпчүлүк “кыздарыңа ата мээрими керек” деген пикирлерин билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-kajratova-kyzymdy-elime-taanyshtyryp-sahnany-tkrp-berem



Добавить комментарий